Бишкек мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алды

Кечээ Бишкек мэриясынан эки адамдан коронавирус аныкталганы белгилүү болгон. Алар башкы эсепчи жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы экени айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек жетекчиси Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу маалыматты мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев тастыктады.

Маалыматка караганда, оору жеңил формасында өтүп, учурда ал обочолонууда.

"Мэрдин алгачкы анализи вирусту көрсөттү, учурда кайталап тапшырды. Үч күндөн бери аралыкта иштеп жатат. Кичине дене табы көтөрүлүп турат”, — деди Түлөбаев.

Кечээ Бишкек мэриясынан эки адамдан коронавирус аныкталганы белгилүү болгон. Алар башкы бухгалтер жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.