Студенттер, кош бойлуулар, оорулуулар. Якутиядан Бишкекке 170 киши кайтты

Сырттан учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат. Өлкөгө кайткандардын тизмесине зарыл шарттары барлар гана киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бүгүн, 19-июнда, "Манас" эл аралык аэропорту "Якутия" авиакомпаниясынын Якутия — Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, Россиянын аталган аймагында жашаган 170 киши Кыргызстанга кайтты.

"Жүргүнчүлөрдүн тизмесине якутиялык ЖОЖдордо окуп жаткан студенттер, аталган аймакта жашап келген кыргызстандык кош бойлуу аялдар, балдар, оор илдеттери барлар жана мекенине кайтууга муктаж болгон адамдар киргизилди. Учуп келгендердин бардыгы тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат", — деп айтылат маалыматта.

Коронавируска байланыштуу каттамдардын токтошунан улам чет мамлекетте калып калган жарандарды алып келүү иши уланып жатканы кошумчаланды.