БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Россия 1" телеканалынын журналисттерине өзүнүн кабинетиндеги жашыруун бөлмөнү көрсөттү. Мамлекет башчынын бул кабинети Кремлдин биринчи корпусунда орун алган. Жашыруун бөлмөсүнө Путин журналисттерди маек маалында капысынан чакырып калды.
Россия лидери мурда журналисттерге көрсөтө элек бөлмөсү менен тааныштырып жаткан кадрларды журналист Павел Зарубин өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
"Бирок силерге эскертип коёюн, ал жерде эч нерсени атайын даярдаган эмесмин. Андыктан иш атмосферасын гана көрө аласыздар”, — деди Путин журналисттер бөлмөгө кирип бара жатканда.
Өзүнүн айтымында, бул кабинетинде жолугушуулар өткөрүлбөйт, болгону эс алуучу бөлмө жана тамактануу жай орун алган.
Бөлмөнүн интерьерине ачык өңдөр колдонулган. Дубалда император Петр Iдин сүрөтү илинип турат. Чакан столдо президентке балдар белек кылган сүрөттөр жана колго жасалган буюмдар коюлган.