Бээнин сүтүн ичип жүргөн. Өлкөдө коронавирустан дагы бир адам каза болду

Маркум 7-июнь күнү коронавируска чалдыккандарды кабыл алып жаткан Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасына алып келинген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Борбор калаада коронавирус жуктурган 70 жаштагы киши каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бейтап Бишкек шаарынын тургуну болгон. 7-июнь күнү COVID-19га чалдыккандарды кабыл алып жаткан Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасына келип түшкөн.

"Бейтап келгенде эле өпкөсүндө эки тараптуу пневмония болгон, дем ала албай кыйналган. Дарылоо процессине карабастан абалы оорлошо берди. Анын буга чейин өнөкөт оорулары дагы болгон, жүрөк оорусу менен жабыркачу экен. Коронавирус жуккандан кийин башка оорулары дагы козголгон. Ал 25-майда "Тёплые ключи" тоосу жакка барып бээнин сүтүн ичип жаткан экен. Ошол жерден дене табы көтөрүлүп медицина мекемелерине кайрылган. Ал жерден дарылоо жыйынтык бербегени үчүн коронавирустан шек санап, Кыргыз-түрк ооруканасына алып келинген", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда дагы 132 адам коронавируска чалдыкты
Ошондой эле ал бейтап реанимацияга алынып, жасалма дем алдыруучу аппаратка дагы кошулганын, бирок дарыгерлердин өмүрүн сактап калуу аракетине карабай кечээ каза болуп калганын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү статистика боюнча өлкөдө коронавирустан 32 адам каза тапты. Ал эми ооруну жуктургандардын саны 2789га жетип, анын ичинен 1961 адам айыгып чыкты.