БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлеринин аракети менен өлкөгө ал жакта жүргөн 10 киши кайтарылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Индия да чет өлкөдө жүргөн жарандарын кайтарууну пландап жатат.
"Ушул жылдын 16-июнунан 28-июнуна чейин Индия тарап "Air India" жана "Сapa Jet" авиакомпаниясынын чартердик каттамдары аркылуу өз жарандарын мекенине кайтарат", — деп айтылат билдирмеде.
Ал эми бүгүн Индиядан учуп келген кыргызстандыктар тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.
Белгилей кетсек, бүгүн Египеттен 47 адам, ал эми Якутиядан 170 киши Кыргызстанга кайтты.