Жылыш бар! Дарыгер экс-депутат Болот Шердин азыркы абалын айтты

Нейрохирург Болот Шердин мээсине операция жасалбай тургандыгын билдирди. Мурда аппарат менен дем алса, азыр айрым учурда өзү дем алып баштаганын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Мурдагы депутат Болот Шердин абалы жакшырып келе жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук госпиталдын дарыгери, нейрохирург Миталип Мамытов билдирди.

Эске салсак, экс-депутат Болот Шер 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн.

"Мурда аппарат менен дем алса, азыр айрым учурда өзү дем алып баштады. Мындан улам жакшы жакка жылыш бар деп жатабыз. Бирок сүйлөй элек, комада. Борбордук жандандыруу бөлүмүнө которулган. Мээсине операция жасабайбыз", — деди Мамытов.

Болот Шер Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары болгон. 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп иштеген.