Бишкекте мотоцикл күйүп, айдоочусу жабыркады. Видео

Айдоочу жабыр тарткан, бирок жерине Тез жардам кызматы чакырылган эмес. Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте мотоцикл күйүп кеткенин "Короче" Telegram-каналы жазды.

Жеңил унаа менен мотоцикл кагышкан кырсыкта үч адам жабыркады
Жарыяланган видеодо жолдун жээгинде башын кармап отурган кишини бир нече адам тегеректеп турганын көрүүгө болот. Алардан бир нече метр алыстыкты мотоцикл өрттөнүп жатат.

Кайгуул милиция башкармалыгынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда, окуя 19-июнь күнү саат 10:00дө 7-апрель жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу жабыр тарткан, бирок ал жерге Тез жардам кызматы чакырылган эмес.

Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.