БИШКЕК, 19-июн. – Sputnik. Бишкек мэриясынан эки адамдан коронавирус аныкталганын шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Мэриянын аппаратында иштеген эки адамдан бул илдет чыкты. Башкы бухгалтерибизден, ал эмгек өргүүдө болчу. Экинчиси — уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, ал учурда үйүндө. Азырынча оору жеңил өтүп жатат. Калаа башчыбыз Азиз Суракматов экөөбүздүн анализибиз таза чыкты. Ошого карабай дүйшөнбү күнгө чейин жарандарды кабыл ала албайбыз. Аралыкта иштеп жатабыз”, — деди Түлөбаев.
Мындан тышкары ал шаардыктарды оорудан оолак болуу үчүн бет кап кийип, аралыкты сактоого чакырды.
Белгилей кетсек, 19-июнь күнү Бишкек шаарында вирус жугузуп алгандардын саны 802ге жетти.