Бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт. Боронов кечирим сурап, айып пул төлөчүлөрдү атады

Өкмөт башчы бет капсыз сүрөткө түшүү өкмөттүн алты айдагы жумушуна көлөкө түшүргөнүн айтып, коомчулук туура сындаганын кошумчалаган. Ошондой эле ал кыргызстандыктардан кечирим сураган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов жакында эле өкмөт үйүнүн алдында тартылган сүрөт боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 17-июнда Абылгазиев кызматын өткөрүп берген. Аны чогуу иштешкен кесиптештери узатып, соңунда мурдагы, азыркы премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү жалпы сүрөткө түшкөн. Сүрөткө болжол менен 100дөн ашык киши, эч кандай бет кабы жок эле тартылган. Ал социалдык тармакта кайчы пикир, нааразычылыктарды жараткан.

"Ошол күнү Жогорку Кеңеш мени премьер-министрликке жана өкмөттүн курамын бекиткен. Парламент жыйынына катышкандан кийин өкмөт үйүнө жумушка барып, фракция лидерлери жана президенттик аппараттын жетекчиси менен премьер-министрдин иш бөлмөсүнө кирдик. Алар кеткенден кийин Мухаммедкалый Дүйшекеевич экөөбүз документтерди карап, жумуш тууралуу бир аз сүйлөштүк. Андан кийин мурдагы экс-премьер-министрди узатуу үчүн сыртка чыгуубузду өтүнүштү. Коридордо өкмөт аппаратынын бир топ кызматкери туруптур. Алардын баары бет капчан болчу. Андан кийин чогуу сүрөткө түшүүнү жана бет капты ала турууну суранышты. Ошол учурда ага маани бербептирмин, азыр өкүнүп жатам", — деди Боронов.

Ак чөп башта! Абылгазиевди узатууда өкмөттөгүлөрдүн түшкөн сүрөтүнө түшүндүрмө
Ал бет капсыз сүрөткө түшүү өкмөттүн алты айдагы жумушуна көлөкө түшүргөнүн айтып, коомчулук туура сындаганын кошумчалаган. Ошондой эле өкмөт башчы кыргызстандыктардан кечирим сураган.

"Коопсуздук кеңеши сунуш берип, биз мындай чечимге келдик. Мыйзамга ылайык, өзүм баш болуп, вице-премьерлер, аппарат жетекчиси жана мурдагы премьер-министр айып пул төлөшөт. Аппарат кызматкерлерине айып пул салынбайт. Анткени аларды иш учурунда бөлүм башчылары экс-премьерди узатууга чакырышкан. Ошондуктан алар жазаланышпайт. Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери жумушта бет кап тагынып жүрүшөт деп ишендирип кетем. Дагы бир жолу кечирим сурайм", — деген өкмөт башчы.

Боронов тартылган түзүмдөр коронавирус менен күрөшүүнү улантарын эскертип, жарандардан бет кап тагынып, аралык сактоону өтүндү.