Cузакта жүк ташуучу автоунаа өрттөнүп кетти. Сүрөт, видео

Өрттүн кесепетинен жүк ташуучу автоунаанын мотору, кабинасы, алдынкы эки дөңгөлөгү күйгөн. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес.
Sputnik

ОШ, 18-июн. – Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунун аймагындагы Топурак-Бел ашуусунда Mersedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа өрттөнүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнөн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Өрттүн видеосун "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Ош базарынын аймагында автоунаа өрттөнүп кетти. Видео
Маалыматка ылайык, окуя 17-июнь күнү саат 11:30дар чамасында Бишкек — Ош жолунун 553-чакырымында болгон.

Өрттүн кесепетинен жүк ташуучу автоунаанын мотору, кабинасы, алдынкы эки дөңгөлөгү күйгөн. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес.

Кырсык электр зымдарынын бири-бирине тийишип кетишинен чыккан.