Алгачкы 18 киши. Россия COVID-19га каршы вакцинаны сынай баштады

Эки апталык изоляцияда жаткан ыктыярдуу адамдардын арасынан тажрыйба жүргүзүүгө 18 кишиден турган биринчи топ тандалып алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Москвадагы Бурденко атындагы ооруканада COVID-19га каршы вакцина өз ыктыяры менен макул болгон 18 кишиге сайылды. Бул туурасында РИА Новости Коргоо министрлигине шилтеме кылып жазды.

Аталган министрлик Микробиология жана эпидемиология боюнча улуттук изилдөө борбору менен биргеликте россиялык аралаштырылган (бириктирилген - комбинированный) вектордук вакцинаны COVID-19дун алдын алуу үчүн сыноону баштады.

Клиникалык сыноону Бурденко атындагы госпиталда жүргүзүүгө Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 16-июнда уруксат берген.

"Эки апталык изоляцияда жаткан ыктыярдуу адамдардын арасынан тажрыйба жүргүзүүгө 18 кишиден турган биринчи топ тандалып, аларга 18-июнда вакцинация жасалды. Жарымына вакцинанын бир компоненти, калган жарымына экинчиси сайылды", — деп айтылат маалыматта.

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарууга ниеттенип жатат
Дары аталган оорукананын эң тажрыйбалуу деген адистеринин тыкыр көзөмөлү менен сайылган.

"Вакцинация биз ойлогондой, пландагыдай болду, медициналык эч кандай көйгөй жаралбай жакшы өттү", — деп билдиришкен адистер.

Сыноого катышып жаткандар азыр медиктердин байкоосунда болуп, ар бир  кыймылы, өзгөрүүсү анализденип турмакчы.