Нурсултан Назарбаевден коронавирус аныкталды

Маалымат катчынын айтымында, кооптонууга негиз жок. Назарбаев учурда обочолонуу менен аралыктан иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден коронавирус табылды. Бул тууралуу Елбасынын сайтында айтылат.  

Белгилүү болгондой, Казакстандын биринчи президентинин коронавируска тапшырган акыркы тести вирус бар деген жыйынтык чыгарган.

Маалыматта Назарбаев учурда аралыктан иштеп, көпчүлүктөн обочолонгону айтылат. Кабатыр болууга негиз жок экени кошумчаланды.

Эскерте кетсек, Нурсултан Назарбаев 2020-жылдын 6-июлунда 80ге чыгат.