Лейлекте 49 жаштагы кишини бычактап өлтүрдү делген шектүү кармалды

Маалыматка ылайык, шектүү менен каза болгон адам арак ичип отуруп, уруша кетишкен. Алардын жанында дагы бир адам болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. – Sputnik. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Исфана шаарында 49 жаштагы кишини бычактады делген шектүү кармалды. Маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова тастыктады.

Лейлекте 49 жаштагы кишини бычактап өлтүрдү делген шектүү кармалды

Ага ылайык, окуя 17-июнь күнү саат 16:30дар чамасында болгон. Лейлек райондук милиция бөлүмүнө Исфана шаарында белгисиз адамдын каза болгондугу боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барган.

"Тергөө учурунда маалым болгондой,  үч киши — 41 жаштагы шектүү, 49 жаштагы каза болгон адам жана жанында дагы бир киши үчөө спирт ичимдигин ичишкен. Ортодо сөз талаша кетип 41 жаштагы киши 49 жаштагы шеригин бычактап салган. Андан соң из жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

7,5 жылга кесилет! Зомбулук көрсөткөндөрдү тосмо арызга карабай камоо сунушталды
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Соттук-медициналык экспертиза да дайындалган.

Ыкчам тергөө тобу кылмышка шектүү 41 жаштагы жаранды кармап, убактылуу жайга киргизген. Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдиргендей, бул эки жаран менен кошо спирт ичимдигин ичкен киши да колго түшкөн.