Си Цзиньпин: коронавируска вакцина тапсак биринчи Африкага беребиз

Жон Хопкинс университетинин сайтындагы маалыматка караганда, 16-июнь күнү COVID-19 дүйнө боюнча сегиз миллиондон ашуун адамга жукту. Ага каршы азырынча бир дагы өлкө вакцина иштеп чыга элек.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кытай COVID-19 вирусуна каршы вакцинасын иштеп чыгары менен биринчилерден кылып Африка өлкөлөрүнө берет. Бул тууралуу өлкө лидери Си Цзиньпин айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

"Кытай чыгарып жаткан вакцина колдонула баштаары менен алгач Африка өлкөлөрүнө берерибизди убадалайбыз", — деди Си Цзиньпин коронавируска каршы күрөшүү боюнча Кытай-Африка саммитинде.

Россияда коронавирустун вакцинасы адамдарга сынала баштады
Буга чейин Кытай лидери Саламаттык сактоо дүйнөлүк ассамблеясынын 73-сессиясында вакцина даяр болору менен дүйнө жүзүнө берилерин айткан. Мындай жол менен Кытай жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам бергиси келерин белгилейт.

Учурда кытайлык адистер COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын үстүндө иштеп жатат. Ал сыноонун дагы үч этабынан өтүшү керек.

Жон Хопкинс университетинин сайтындагы маалыматка караганда, 16-июнь күнү COVID-19 дүйнө боюнча сегиз миллиондон ашуун адамга жукту. Ага каршы азырынча бир дагы өлкө вакцина иштеп чыга элек.