БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясынан тез жардам унаасы менен жүк ташуучу автокөлүк кагышкан кырсык боюнча айтып беришти.
Окуя бүгүн түшкө маал Орозбеков менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Тез жардам күйүп-жанган жарыгы менен автокырсыкка кабылгандарга бара жаткан. Кесилиштен чыга калган КамАЗ аларды күү менен сүзгөндө дарыгерлердин автоунаасы светофорго урунган. Ошол жерде турган дагы бир жолтандабас кырсыкка кириптер болгон", — деп мэриядан билдиришти.
Тез жардамдын ичинде дарыгер, эки фельдшер жана айдоочу болгон. Алар Бишкектин Ортопедия жана травматология илим изилдөө институтуна жеткирилген. Баарынын баш сөөгү жана дене бою жабыркаган.
Фельдшер аялдын бири оор абалда реанимацияда жатат. Алдын ала берилген маалыматта, денесинин көп жеринен жана мээсинен жаракат алган.
Тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов, аталган оорукананын бөлүм башчысы жана Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова учурда ошол жерде жүргөнү айтылды.