Коронавирус: 38 кишинин абалы оорлошуп, алтоо реанимацияда жатат

Учурда республика боюнча 2657 кишиден вирус аныкталган. Анын 693ү ооруканада жана үй шартында дарылоосун улантууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Учурда өлкөдө коронавируска кабылган 38 адамдын абалы оор, анын алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда стационарда 693 бейтап бар. 38 кишиден тышкары орточо абалда 110 адам, канааттандырарлык деп бааланган 369 бейтап дарыланууда. Ал эми 176 адамда оорунун симптомдору жок, алар үй карантининде болот.

Республика боюнча 2657 кишиден вирус аныкталып, анын 1933ү айыгып чыккан. Тилекке каршы, оорудан 31 адам көз жумду.