Коронавирустан 32 адам сакайып чыкты

Республика боюнча жалпы 1933 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Акыркы суткада коронавирустан 32 адам сакайып, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун барасы Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Алардын ичинен 11и Бишкек шаарынын, үчөө Ош шаарынын, 12си Чүй облусунун, төртөө Ош облусунун, бири Баткен, дагы бири Жалал-Абад облусунун тургундары", — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпы 1933 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.