Жумага карата аба ырайы

19-июнда республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жума күнү, 19-июнда, өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Күндүн табы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +19...+24 градуска жетет.

Ал эми борборубуз Бишкекте +28...+30, Ошто +29...+31 градус жылуу болору айтылды.