Дарыгер жайкысын балмуздак менен муздак суунун зыянын айтып берди

Адистин айтымында, организм ысып турган учурда муздак суусундук же балмуздак жеген туура эмес. Мындайда кулак, мурун жана тамак сезгенип, дароо фарингит дарты жабышат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жайдын ысыгында тердеп келип дароо муздак суу ичкенде организм кандай ооруларга чалдыгарын гастроэнтеролог, диетолог Нурия Диановага шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

"Организм ысып турган учурда муздак суусундук же балмуздак жеген туура эмес. Мындайда кулак, мурун жана тамак сезгенип, дароо фарингит дарты жабышат. Мындан тышкары, организм муздак нерсени жылытууга аракет кылып, көп энергиясын жумшап коёт", — деди дарыгер.

Ошондой эле адис муздак нерселер суусунду кандырбай турганын, анын ордуна ысыкта кыйналып турган организмдин абалын ого бетер начарлатарын кошумчалады.

Дарыгер жайкысын жылуу чай менен компоттон өтөрү жок экенин айтат.