Алайда COVID аныкталган дагы бир киши каза болду

Жалпы каза болгондордун саны өлкө боюнча 31 кишини түздү. Кечээ Алай аймактык ооруканасында дарыланып жаткан 73 жаштагы адам көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алган бир адам каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун барасы Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ал Алай аймактык ооруканасында дарыланып жаткан 73 жаштагы бейтап экени айтылды.

"Ооруканага оор абалда түштү. Эки тараптуу пневмониясы күчөп кеткен экен", — деди Үсөнбаев.

Жалпы каза болгондордун саны өлкө боюнча 31 кишини түздү.