Чек араны кайтарган жубайларга жеңилдик берүү сунушталды. Мыйзамдын чоо-жайы

Сунушталган мыйзам күйөөсү да, аялы да чек араны кайтаруу органында иштеген аскер кызматкерине тиешелүү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Парламентте алыскы чек ара заставаларында иштеген жубайларга жеңилдик берүү мыйзам долбоору сунушталды.

Негизги демилгечи Элвира Сурабалдиеванын айтымында, бул мыйзам Чек ара кызматында иштеген түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк шартын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

"Бул демилге күйөөсү да, аялы да чек араны кайтаруу органында иштеген аскер кызматкерине тиешелүү. Эгер күйөөсү башка жакка ротация болсо, үй-бүлөсүн дагы алып кетет. Бирок инфраструктурасы жок, бийик тоолуу "Эркечтам" сыяктуу чек ара бекеттеринде иштеп калса, ал жактан аялына жумуш жок иштебей отуруп калат. Буга байланыштуу анын аскер кызматындагы эмгек тажрыйбасы токтотулат", — деди Сурабалдиева.

Мындан улам күйөөсү которулган заставадан жубайы жумуш жок иштебей калса, анын эмгек стажысын 5 жылга чейин токтотпой эсептей берүү сунушталып жатат.

Аскер кызматын өтөөдө өз жанын кыйгандардын бүлөсүнө компенсация төлөө сунушталды
"Негизи аскер адамдары 20 жылдан кийин пенсияга чыгат. Кээ бирлери 17 жыл иштегенден кийин күйөөсү алыскы заставаларга которулса, аны менен кетип стажысы токтоп калат. Кайра келип, калган убактысын иштемейин пенсияга чыга албайт. Учурда мындай шартка кептелген 144 аял бар. Биз аларга жок дегенде моралдык колдоо көрсөтөлү деп жатабыз. Былтыр "Эркечтамга" барганда чек арачылар өтө начар шартта иштеп жатканын көрүп келдик. Өзү араң 15 миң айлык алса, жашаган үйүнүн электр энергиясын да өз чөнтөгүнөн төлөйт экен", — деди депутат.

Ошондой эле Сурабалдиева кыргызстандыктар Россиянын аскердик окуу жайларында окуп жүргөндө 15 миң рубль стипендия алып, тамак-аш менен камсыздалса, мекенине келгенде 15 миң сом маяна менен жумушка орношоруна нааразы болду. Мындан улам жоокерлердин 30 пайызы башка кызматтарга кетип каларын айтат.

Аталган мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.