Бишкекте жүк ташуучу унаа менен тез жардам машинасы кагышты. Сүрөт, видео

Патрулдук милициянын башкы башкармалыгынан Sputnik агенттигине жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалыматты тастыкташты. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкекте жүк ташуучу автоунаа менен тез жардам машинасы кагышты. Бул тууралуу "Короче" Телеграм-каналы маалымдады.

Күбө кырсыкка кабылган автолорду тартып алган. Мында тез жардам унаасынын катуу жабыркаганын көрүүгө болот. Жүк ташуучу унаанын капталында жолтандабас турат. Машиналардын кагылышуусунан жол чырак талкаланып кеткен.

Патрулдук милициянын башкы башкармалыгынан Sputnik агенттигине жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалыматты тастыкташты. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Жабырлануучулар боюнча азырынча маалымат жок.