Бишкекте 118 кызматына чалгандардын саны өсүп, кечээ рекорд жаратты

118 номери эртең мененки саат 8ден кечки 19:00гө чейин иштейт. Эгер вирустун кандайдыр бир белгилери байкалса, дарыгерлер тобу дароо барып үйдөн эле экспресс-тест алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Өзүнөн коронавирустун белгилерин байкаган калаа тургундары үчүн иштеп жаткан 118 ыкчам байланыш номерине чалуулар боюнча 17-июнь күнү рекорд катталды. Бир күн ичинде ага 670 чалуу болгонун брифинг учурунда Бишкек шаарынын саламаттык сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

"Апрель айында 118 номерине 5 312 киши чалган (күн сайын орто эсеп менен 171 чалуу). Май айында 4 004 (күнүнө 141 чалуу). Июнь айында бул көрсөткүч дароо көтөрүлүп, үч жума ичинде 4 520 киши чалды. Кечээ эле 670 чалуу кабыл алынды, бул рекорддук көрсөткүч", — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал айрым чалуулар кызматтын компетенциясына туура келбей турганын кошумчалап, 118ге кайсы учурда кайрылуу керек экенин санап берди:

  • эгер чет өлкөдөн акыркы 30 күндүн ичинде келсе;
  • эпидемия көбүрөөк жайылган аймакта болсо;
  • коронавирус жуктуруп алган адам менен тыгыз байланышта болсо;
  • обсервация жайларында болсо;
  • дене табы жогору болуп, жөтөлүп, дем алуусу кыйындаса.

18-июнь күнү Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны 968ге жетти.