Ажатканада абайла! Коронавирус жугузуп алуунун дагы бир жолу аныкталды

Бир канализацияга туташкан эки же андан көп унитаздар инфекциянын жайылышына чоң коркунуч жаратары белгиленген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кытайлык окумуштуулар коронавирус ажаткана аркылуу дагы жугат деген механизмди аныктады. Иликтөөнүн корутундусу Phys.org сайтына жарыяланган. 

Кайрадан чыгып... Кытайда бир суткада 44 кишиден коронавирус аныкталды
Илимий топ ажатканада сууну агызгандан кийин курамында тирүү SARS-CoV-2 кошулган вирустун майда бөлүкчөлөрү абага көтөрүлөрүн айтып чыкты. Мындан улам вирустун 60 пайыздайы унитаздын сыртына чыгып калат.

Эгер бир батирде ажаткананы бир нече адам колдонсо же коомдук дааратканаларга барса мындай механизм менен коронавирусту жугузуп алуу кооптуулугу жогору болору айтылат. Демек, бир канализацияга туташкан эки же андан көп унитаздар инфекциянын жайылышына чоң коркунуч жаратары белгиленет.

Окумуштуулар коопсуздук үчүн сууну унитаздын капкагын жаап туруп анан агызуу керектигин айтат.