Аскер кызматын өтөөдө өз жанын кыйгандардын бүлөсүнө компенсация төлөө сунушталды

Мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңештен өтүп, бирок президенттин каршылыгы менен артка кайтарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Аскер кызматын өтөөгө барган жарандардын ден соолугун камсыздандыруу мыйзам долбоору парламентте каралды.

Аталган документти Кыргызстандын Башкы штабы сунуштап чыккан.

Депутат Закир Шарапов аталган мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңештен өтүп, бирок президенттин каршылыгы менен артка кайтарылганын билдирди. Мындан улам кайрадан макулдашылган варианты иштелип чыккан.

"Аскер кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоо жана алардын өмүрү үчүн мамлекеттин жоопкерчилигин күчөтүү максатында камсыздандыруу суммасын бардык учурда төлөө каралат. Атайылап өз ден соолугуна зыян келтирсе, өз жанын кыйса дагы камсыздандыруу төлөмү бериле турган өзгөртүүлөр киргизилди", — деди Шарапов.

Аталган мыйзамдын макулдашылган варианты добуш берүүгө жөнөтүлдү.