Су-27 Балтика деңизинин үстүнөн учкан В-52H учактарын кармады. Видео

Су-27нин экипажы Балтика деңизинин нейтралдык бөлүгүнөн АКШнын бомбалоочу В-52H учактарын жана НАТО чалгын авиациясына тиешелүү чалгын самолётторун кармап алды.
Sputnik

Россиялык истребителдер абадан коргонуу боюнча Батыш аскер округунун нөөмөттөгү күчтөрү чет элдик авиацияны байкагандан кийин көтөрүлгөн. РФтин Коргоо министрлиги мамлекеттик чек аранын бузулбаганын айтып, Су-27нин аракеттери эл аралык эрежеге ылайык болгонун белгиледи. Чет элдик учактарды кармоо учурун биздин видеодон көрүүгө болот.