Россияда коронавирустун вакцинасы адамдарга сынала баштады

Жакында эле РФтин Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 илдетине каршы вакцинаны адамдарга сынап көрүү боюнча уруксат берген. Процесс бүгүн башталды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцинаны сыноо Москванын эки медициналык мекемесинде эки этап менен ишке ашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Экспериментке 38ден катышуучусу бар эки топ катышат.

Жакында эле Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 илдетине каршы вакцинаны адамдарга сынап көрүү боюнча уруксат берген. Процесс бүгүн башталды.

Адистер адамдын организминде вакцинанын суюк жана кургак деп бөлүнгөн эки түрүн сынашат.

"Суюк вакцина Бурденко атындагы аскердик госпиталда, порошок түрүндөгүсү Сеченовский университетинде текшерилет", — деп айтылат кабарда.

Ыктыярчылар вакцинанын пайдасы жана ыңгайсыздык жараткан учурлары тууралуу алдын ала кабардар болушкан.

Эске салсак, 16-июнь күнү дүйнө жүзү боюнча коронавирус сегиз миллиондон ашуун адамга жукту.