Жеңиш парадына катышуу үчүн Россияга 12 мамлекеттин аскерлери барды

9-майга пландалган парад жана "Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл коронавирус эпидемиясынан улам болбой калган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жеңиш парадына катышуу үчүн Россияга 12 мамлекеттин аскерлери барды. Бул тууралуу РФтин Кургактагы аскерлер башкы командачысы, генерал Олег Салюков "Красная звезда" гезитине маек берип жатканда айтканын РИА Новости билдирди.

Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышат
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин 24-июнь күнү Москванын Кызыл аянтында Жеңиш парады өтөрүн жар салган.

Салюковдун айтымында, парадга катышууга Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдавия, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринен делегация барган.

"Кызыл аянттагы парадга 13 миңден ашык аскер катышып, 234 заманбап жана аскер техникалары тартылат. Эл 1945-жылдын 24-июнундагы тарыхый параддын элементтерин көрө алышат",— деп айтылат маалыматта.

9-майга пландалган парад жана "Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл коронавирус эпидемиясынан улам болбой калган.