Боронов өкмөттүн эки тизгин, бир чылбырын колго алды. Жээнбековдун Жарлыгы

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын жактырган. Өлкө башчы аны премьерликке дайындаган Жарлыкка кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министр кызматына дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Президент Сооронбай Жээнбеков КР Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Боронов Кубатбек Айылчиевичти мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп, премьер-министр кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду", — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 16-июнда, парламенттеги көпчүлүк коалиция Бороновдун талапкерлигин өкмөт башчылыгына карап, колдогон. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын жактырды.