Экөө каршы чыкты. Парламент Боронов баштаган өкмөттүн курамын колдоп берди

Парламенттен колдоо тапкан өкмөт президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы чыккандан кийин кызматка кирешет.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын жактырды.

Өкмөт башчыны жана курамын бекитүүгө чогулган депутаттардын жыйыны саат 9.30да башталып төрт саатка созулду.

Премьер болгондо мурдагыдай тойлорго барбаңыз. Депутат Бороновго сунуш айтты
Натыйжада 105 депутат "макул" деген добуш берип, экөө каршы чыкты.

Андан соң Боронов эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, өлкөнү өнүктүрүүгө, экономиканы алдыга жылдырууга жана элдин жыргалчылыгы үчүн бар күчүн жумшап иштөөнү убадалады.

Парламенттен колдоо тапкан өкмөттү кызматка дайындоо боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы чыккандан кийин расмий түрдө кызматка кирешет.

Өкмөттүн жаңы курамы:

  • Премьер-министрликке Кубатбек Боронов көрсөтүлөт;
  • Биринчи вице-премьерликке экс-депутат, "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Алмазбек Баатырбеков сунушталды;
  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыевдин ордуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы статс-катчысы Таалайбек Темиралиевдин талапкерлиги каралууда;
  • Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинин жетекчиси Дастан Догоевдин ордуна Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү.

Өкмөттүн калган мүчөлөрү өзгөрүүсүз калды.