MegaCom жана "Оптима банктын" кызматкерлеринен коронавирус табылды

Уюлдук оператордун бир кызматкери жана банкта иштеген бир нече адам коронавирус жуктурганы тастыкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. MegaCom соода маркасы менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын кызматкеринен коронавирус табылды. Бул туурасында уюлдук оператордун маалымат кызматы билдирди.

Кызматкердин оору жуктурганы аныкталгандан кийин обсервацияга жаткырылган. Мындан сырткары компанияда иштеген дагы бир адам коронавируска шектелип жатканы айтылат. Анын анализдери эртең чыгат.

Ош шаарынын төрөтканасындагы COVID. Вирус жалпы 70 адамдан табылган
Компания аталган кызматкерлер кардарларды тейлөө жагында иштебей турганын эскертти. Ошондой эле оорунун алдын алуу боюнча бир катар чаралар көрүлүп, жумушчулардын айрым бөлүгү үйүнөн иштөөгө өткөнүн белгилейт.

Аны менен катары эле "Оптима банктын" бир нече кызматкерине да COVID-19 жукканы тууралуу каржы мекемеси өзүнүн расмий сайтына жазды.

Банк ооруга чалдыккандар менен байланышта болгондор карантинге алынганын билдирип, бирок алар кардарлар менен байланышта болбогонун айтышты.