Жээнбеков "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолу курулушун талкуулады

Кытай менен байланыштыра турган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июнда, "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолунун курулуш долбоору талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Чыңгыз Айдарбеков, транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Жанат Бейшенов жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков катышкан.

Абылгазиев: кыргыз-кытай чегиндеги соода-логистикалык борборду курууга активдүү катышкыла
Жээнбеков транспорт секторундагы эң ири жана стратегиялык долбоорлордун бири "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолунун курулушун баштоо болуп саналарын баса белгилеген.

Мамлекет башчы өлкөнүн темир жол инфратүзүмүн модернизациялоону ыкчамдатууга жана темир жол транспорту менен жүргүнчү, жүк ташуу чөйрөсүндөгү санарип демилгелерди ишке ашырууну улантуу зарылдыгын айткан.

Дашков коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн компаниянын ишмердигин санариптештирүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берген.

Кыргызстан менен Казакстандын темир жолунун маалыматтык системаларынын ортосунда электрондук өз ара маалымат алмашуу уюштурулганын жана коштомо кагазды түзүү боюнча программалык камсыз кылуу иштелип чыкканын айткан.

"Мындан сырткары, "Түндүк" системасы аркылуу реалдуу убакытта ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн жүктөрдүн келиши жөнүндө салык органдарына маалымдоо механизми киргизилди. Аны менен катар эле сайт жана төлөм тутумдары аркылуу темир жол кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгү жаралды", — деген ал.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган. Албетте, бул деңиз портторуна карай кетет деген ниет эле. Тараптар принципиалдуу маселе боюнча бир пикирге келе албай келет. Ал - тоо-таш, татаал жолдор аркылуу өтчү колеянын жазылыгы.