Кайрадан чыгып... Кытайда бир суткада 44 кишиден коронавирус аныкталды

Соңку учурда Кытайдын борбору Пекинден COVID-19га чалдыккандар табылууда. Бейтаптардын дүң базарга барганда инфекцияны жуктурганы болжолдонууда.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кытайда өткөн суткада 44 кишиден коронавирус аныкталып, оорунун симптому билинбеген дагы 11 киши катталган. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме берип жазды.

Ага ылайык, 44 кишинин 33ү жергиликтүү тургундардан (31и Пекинден, бирөө Хэбэйден, бирөө Чжэцзяндан) аныкталса, 11и сырттан келгендерден табылган.

Симптомсуз ооругандар вирусту башкага жуктурбайбы? ДССУ оозунан жаңылды
Бир күн мурда Кытайда коронавирус инфекциясынын жаңы 40 учуру менен оорунун симптому билинбеген алты киши катталган. Оорулуулар көбүнчө Пекинде аныкталып, дүң базарга барганда жуктурганы болжолдонгон.

Ишемби күнү Фэнтай районундагы "Синьфади" ири дүң соода базарында эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, лосось кесилген тактадан коронавирус табылган. Бул окуядан кийин базар убактылуу жабылып, балыктар чет мамлекеттен импорттолгону белгилүү болгон.

Эпидемия учурунан бери Кытайда коронавирус инфекциясын 83 265 адам жуктуруп, аны 78 379си айыгып, учурда 252 киши ооруканаларда жатат. Тилекке каршы, 4634 адам көз жумган. Вирус сырттан келген 1856 адамдан табылып, 1775и сакайган.

1-апрелден тарта бийлик илдетти жуктуруп, бирок анын белгиси билинбей жүргөндөр тууралуу маалымат бере баштаган. Бирок алардын жалпы саны канча экендиги белгисиз.