Кыргызстанда дагы 90 адамдан коронавирус аныкталды

Акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктардын саны өсүп жатат. Жаңы катталган учурдун ичинен басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 90 кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, жаңы жуктурган учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

"Жаңы катталган учурдун ичинен 36сы Бишкек шаарынан, 29у Чүйдөн. Мындан сырткары Ош шаарынан жети, Ош облусунан алты, Жалал-Абад облусунан үч, Талас облусунан алты, Баткенден үч кишиден коронавирус аныкталган", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны ушуну менен 2562ге жетти.