Өлкөдө дагы 54 киши коронавирустан сакайды. Жалпы саны — 1901

Республика боюнча жалпысынан 1901 бейтап сакайып, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош шаарларынын жана Ош облусунун тургундары.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда 54 киши коронавирустан сакайып чыкты. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Алардын ичинен тогузу Бишкек шаарынын, 15и Ош шаарынын, төртөө Чүй облусунун, 16сы Ош облусунун, алтоо Нарын облусунун, төртөө Ысык-Көл облусунун тургундары", — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпысынан 1901 бейтап сакайып, үйлөрүнө жөнөтүлдү.