Депутат: Кыргызаэронавигация директору өргүүгө чыкканы үчүн 470 миң сом алган

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев учурда бул маселе боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызаэронавигация мамлекеттик ишканасынын башкы директору Улукбек Рахманов бир жылда эмгек өргүүгө чыкканы үчүн 470 миң сом алган. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов билдирди.

Балыкчы — Корумду жолун курууда 1,1 млрд сом максатсыз корогону аныкталды
Анын айтымында, директор бир жылда төрт жолу өргүүгө чыгып, бирок кайра үч күндөн кийин жумушка келе берген. Бирок ар бир эмгек өргүүсүнө акча төлөнүп, суммасы 470 миң сомго жеткен.

Жыйында отурган башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев учурда Кыргызаэронавигацияда бул маселе боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтты.