COVID-19 тоңдурулган азык-түлүктө канча убакыт сакталат? Эпидемиологдун жообу

Ишемби күнү Пекиндеги базарда эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, лосось кесилген тактадан коронавирус табылган. Буга адистер ар кандай жоопторду берүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Коронавирус тоңдурулган азык-түлүктөрдө 2-3 айга чейин жашашы мүмкүндүгүн Пекиндин оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун алдынкы эпидемиологу У Цзунью билдиргенин РИА Новости жазды.

Ишемби күнү Фэнтай районундагы "Синьфади" ири дүң соода базарында эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, лосось кесилген тактадан коронавирус табылган. Бул окуядан кийин базар убактылуу жабылган.

Азыркы учурда вирустун балыктарга байланышы бары-жогу белгисиз. Бирок көптөгөн супермаркеттерде жана ресторандарда лосось сатыктан алынып, андан тамак-аштар жасалбай калган.

"Вирустун үлгүлөрү температура төмөн болгон жерден алынды. Ал эми температура канчалык ылдый болсо, вирус ошончолук узак жашай алат. Эгерде тоңдурулган азыктар жөнүндө сөз кылсак, вирус алардын бетинде 2-3 ай сактала берет", — деген эксперт.

Планетада 8 миллион киши COVID-19га чалдыкты
Ошол эле учурда ал вирус шаарга инфекциясы бар азык-түлүктөр аркылуу кирди деп айтуу эрте экендигин белгилеген.

"Азырынча импорттолгон айыл чарба азыктарын же тоңдурулган азык-түлүктөрүн албай тургула. Азыр тамактын баарын жакшылап бышырып жей турчу убак", — деген адис.

Цзунью Пекинде дээрлик 60 күн бою коронавирус катталган эместигин, балким, ал сырттан келиши мүмкүндүгүн кошумчалаган.