Боронов кызматка отурду, Абылгазиевди өкмөт аппараты кол чаап узатты. Видео

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы премьер-министрге жана өкмөттүн курамына мындан ары иштерине ийгилик каалады.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бүгүн өкмөт үйүндө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өтүп, Кубатбек Боронов мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Абылгазиев жаңы премьер-министрге жана жалпы өкмөткө ийгилик каалады.

Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, ошондой эле Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери — Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев катышты.

Ал эми өкмөт үйүнүн сыртында Абылгазиевди министрлер кабинети менен өкмөт аппаратынын кызматкерлери кол чаап узатты.