Бишкек: дагы эки кичи базар дезинфекциялоо үчүн жабылат

Вице-мэр учурда Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал турукташа электигин айтты. Базарларда дезинфекция иштери жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы "Чынар" жана "Ош" базарындагы "Кыял" кичи базарлары жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган соода жайларында бүгүндөн тарта дезинфекция иштери жүрөт.

Эске салсак, Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны 819 адамга жетти. Анын ичинен 410у айыгып, алтоо көз жумган.