Баткен: бажыдагы аткезчилик бюджетти канча чыгымга учуратканы айтылды

Жаркынбек Максутов жыл башынан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызматкерлерге 18 факты боюнча иш козгоп, мамлекетке дээрлик 10 миллион сом зыян келтиргенин аныктаганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Баткенде үстүбүздөгү жылдын башынан 1-майга чейин 67 жолу бажы эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу брифинг учурунда облус жетекчисинин биринчи орун басары Жаркынбек Максутов билдирди.

Бишкекте аткезчилик менен алып келинген бензинди сатуу эмнеге токтобойт? Жооп
Анын айтымында, аталган иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, бул боюнча салынган 279 миң сом айып пул толугу менен төлөнгөн.

Ошондой эле Максутов жыл башынан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызматкерлерге 18 факты боюнча иш козгоп, мамлекетке дээрлик 10 миллион сом зыян келтиргенин аныктаганын кошумчалады.