Алып баруучу Эркин Рыскулбековдун туугандарынан COVID аныкталды

Шоумен дартка олуттуу мамиле кылуу керектигин айтып, элди ооруну алдын алуу эрежелерин сактоого чакырып өттү. Рыскулбеков өзү вируска кабылган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Белгилүү алып баруучу жана тамада Эркин Рыскулбековдун туугандары коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу шоумен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

"COVID-19 менин үй-бүлөмө дагы жетти. Бир тууган эжем менен үч жээним коронавируска кабылды. Эжем "Гансиде" (обсервация — ред.), балдар (бардыгында симптомдор жок) үй карантинине алынды. Айтылган бардык эрежелерди сактаңыздар. Бул тамаша эмес. Мен азыр аябай коркуп жатам. Бүт өлкө үчүн дуба кылам", — деп жазган Рыскулбеков.

Сүрөттөн өзүнүн анализи таза чыкканын байкоого болот.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2562ге жетип, анын ичинен 1901 бейтап айыкты. Тилекке каршы, оорудан 30 киши каза болду.