Спортчуларды саргайтып... Токиодо өтчү Олимпиада дагы жылышы мүмкүн

Эгерде кийинки жылы жазында Олимпиаданы өткөрүү мүмкүн эместиги белгилүү болсо, эл аралык комитет анын мөөнөтүн узарта турганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Токиодогу жайкы олимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин директору Харуюки Такахаси ири мелдеш өз убактысынан дагы жылып кетиши мүмкүндүгүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости Nikkan Sports News гезитине шилтеме берип жазды.

Оюндар быйыл Япониянын борборунда өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кийинки жылы өтмөй болгон.

"Биринчи кезекте мелдештерди 2021-жылдын жай айында өткөргөнгө аракет кылып жатабыз. Оюндарды такыр уюштурбай коё албайбыз. Себеби бул Япониянын жана дүйнөнүн экономикасына чоң сокку болот", — деген Такахаси.

Ал эгерде кийинки жылы жазында Олимпиаданы өткөрүү кыйын экендиги белгилүү болсо, Эл аралык олимпиада комитети менен биргеликте мелдештин мөөнөтүн дагы бир жолу узартууну иштеп чыгышарын кошумчалаган.

Маалыматта мындай билдирүү Олимпиаданы уюштурууга жооптуу адам тарабынан биринчи жолу жасалганы белгиленет.

Токио шаарынын башчысы Олимпиада коопсуз өтө турганын убадалады
Жакында ири мелдеш темасы япон саясатчылары тарабынан кайрадан талкуулана баштады. Маселен, премьер-министр Синдзо Абэ менен Токионун губернатору Юрико Коикэ оюндарды "жөнөкөйлөштүрүлгөн" формада, анча чоң эмес масштабда өткөрүүнү айтып чыгышкан. Ошол эле учурда эксперттер вакцина чыкмайынча спорттук иш-чараны өткөрүү дагы мүмкүн эместигин айтууда.

Маалыматта эгерде Олимпиада дагы жылып кете турган болсо, бир топ көйгөйлөр жаралары айтылат. Биринчиден, бул Пекинде 2022-жылы пландаштырылган кышкы олимпиада оюндары менен Сенегалдагы өспүрүмдөрдүн олимпиада оюндарына, ошондой эле Париждеги жайкы олимпиада (2024) оюндарына таасирин тийгизет.