Ош шаарынын төрөтканасындагы COVID. Вирус жалпы 70 адамдан табылган

Буга чейин шаардагы төрөт үйүнөн коронавирус табылган соң ал жакта иштеген 283 медицина кызматкери, 563 бейтап болуп жалпы 846 кишиден эки жолу ПЦР-тест алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы төрөт үйүндө жалпы 70 адамдан коронавирус чыккан. Анын жетөө жаңы төрөлгөн ымыркайлар. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шаардагы төрөт үйүнөн коронавирус табылган соң ал жакта иштеген 283 медик, 563 бейтап болуп жалпы 886 кишиден эки жолу ПЦР-тест алынган.

"846 кишинин ичинен 776сынын анализи таза чыгып, калган 70 кишиден коронавирус табылган. Анын 37си бейтап энелер болсо, жетөө ымыркай, 26сы медицина кызматкери экени маалым болду", — деди Турдуев.

Шаардын биринчи вице-мэри ооруканада дезинфекция иштери жүргөнүн айтып, төрөт үйү Республикалык штабдан тапшырма келгенден кийин бейтаптарды кабыл аларын кошумчалап өттү.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында жалпы 280 кишиден коронавирус табылган.