Радио

Кочкоров: 20 миңдей адам жеңилдетилген түрдө майыптыгын күбөлөндүрөт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табуу жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилгенин айтты.
Sputnik
Кочкоров: 20 миңдей адам жеңилдетилген түрдө майыптыгын күбөлөндүрөт

20 миңдей адам стационардык дарылоодон өтпөй кайра майыптыгын күбөлөндүрүүгө мүмкүндүк алды. Бул тууралуу Улукбек Кочкоров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурда майыптыгын күбөлөндүрүү үчүн төрт ай ооруканада стационардык текшерүүдөн өтүшү керек болуп, ага бардыгынын эле мүмкүнчүлүгү жете берчү эмес.

"Мүмкүнчүлүгү чектелгендер тарабынан ден соолугунун жакшы болуп кетпесин билип туруп, жыл сайын ар кандай комиссиядан өтүүгө мажбурлайт деген нааразычылыктар айтылып келген. Мындай пикирлерди жарандардын жана Жогорку Кеңештин депутаттары билдиришкен. Бул багытта иш жүргүзүлүп, 1-июнда өкмөттүн токтому кабыл алынды. Ага ылайык, стационардык дарылоодон өтпөй кайра майыптыгын күбөлөндүрүүгө 20 миңдей адамга мүмкүнчүлүк берилет. Эми аутизм, азиз, дудук, ар кандай даражадагы акыл-эс жактан артта калуу сыяктуу оору менен жабыркагандарга майыптыгын күбөлөндүрүү жол-жобосу жеңилдетилди. Оорулардын 24 түрү боюнча кайрадан күбөлөндүрүү мөөнөтү эки жылдан беш жылга чейин узартылды. Ошондой эле мурда 3-даражадагы дүлөйлөр 18 жашка чейин кандайдыр бир себептер менен майыптыкты албай калса "жалпы ооруудагы майып" катары каралган. Эми аларга "бала кезинен бери майып" статусу ыйгарылып, жөлөк пулду эки эсе көп алышат", — деди Кочкоров.

Министр 2,5 миңге чейин айыкпаган адамдар, башкача айтканда, патологиясы барлар, анын ичинде буту ампутациялангандар мөөнөтсүз күбөлөндүрүлө турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, министрликтин маалыматы боюнча, республикада 193 778 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо, анын ичинен 32 013 адам 18 жашка чейинки балдар.