БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Республикалык штаб коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн ооруканаларга канча акы төлөнөрү боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, илдеттин формасына жараша бир кишиге төмөндөгүдөй төлөм каралган:
- илдеттин белгилери жок формасы — 3030,12 сом;
- оорусу жеңил даражадагы бейтаптар үчүн – 3500,63 сом;
- орто абалдагылар үчүн – 10 817,78 сом;
- оор абалдагы бейтаптар үчүн — 70 427,31 сом;
- өтө оор абалдагылар үчүн – 132 837,09 сом.
Мындан тышкары, байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн ооруканаларга 1742 сом төлөнөт.
Бул каражаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан саламаттык сактоо уюмдарына төлөнөт.
"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте COVID-19 илдетине кабылгандарды дарылоо жана байланышта болгондорго байкоо жүргүзүү үчүн акы төлөө өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.
Эгерде мурда дарылоонун наркы ыкчам маалыматтарга жана ДССУнун сунуштарына ылайык эсептелген болсо, эми акы төлөөнүн өлчөмү лабораториялык ПЦР-изилдөөгө кеткен чыгымдарсыз эсептелип, ал эми жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана эмгек акыга кеткен чыгымдар киргизилген жок.
COVID-19 диагнозу тастыкталган бардык оорулууларды дарылоо, ошондой эле байланышта болгондорго байкоо жүргүзүү социалдык статусуна жана жарандыгына карабастан толугу менен акысыз.