Кыргызстанга Кореядан мекендештер алып келинди

Кыргызстандыктар Air Astana авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Сеул шаарынан Алматыга учуп келишкен. Андан соң Бишкекке атайын транспорт менен жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кореядан Бишкекке чартердик каттам менен үч кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, мекендештер Казакстан аркылуу келишкен.

"Кыргызстандыктар Air Astana авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Сеул шаарынан Алматыга учуп келишкен. Андан соң Бишкекке атайын транспорт менен жеткирилген. Бардыгы тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат", — деп айтылат маалыматта.

ТИМ сырттагы кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу иштери уланарын кошумчалады.