Илон Масктын супермодель апасы кантип миллиардерди тарбиялаганын айтып берди

Илон Маск үч бир туугандын улуусу. Иниси Кимбал АКШда белгилүү ресторатор, карындашы Тоска голливуд режиссёру. Апасы — Мэй Маск, учурда эң углайган супермоделдердин бири.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын 72 жаштагы апасы Мэй Маск кантип миллиардер болчу адамды тарбиялаганын Forbes журналына берген маегинде баяндады.

Өзүнүн айтымында, ал эң биринчи балдарын көз карандысыздыкка үйрөткөн.

"Балдарымды эч качан тыкыр көзөмөлдөгөн эмесмин. Үй тапшырмаңды аткардыңбы, мектепке бара жатканда спорттук кийимиңди алдыңбы деп мээсин жеген эмесмин", — дейт Мэй Маск.

Ошондой эле ал жолдошу менен ажырашып кеткендиктен, ортодогу үч баланы өзү тарбиялап жүрүп, Илон 10 жашка чыкканда атасынын кароосуна жибергенин кошумчалады.

Илон Маск болгон мүлкүн арзан сатып жок кыларын жар салды
"Илондун чоң энеси балдар мени менен жашаганын көрө албай, уулуна болуша берчү. Жадагалса атасы жалгыз жашагандыгы үчүн Илонду өзүн-өзү жемелегенге чейин жеткирген. Чынын айтсам жолдошум ошол убакта акчалуу эле, программалоого кызыгып жүргөн Илонго компьютер сатып берүүгө алы жетчү. А менде андай шарт жок болчу. Ошентип уулум атасы менен жашап калды", — деди миллиардердин энеси.

Илон Маск үч бир туугандун улуусу. Иниси Кимбал АКШда белгилүү ресторатор, карындашы Тоска голливуд режиссёру. Апасы — Мэй Маск, учурда эң улгайган супермоделдердин бири.