Эсеп палатасы былтыр бюджеттин 2,5 млрд сому ээсине жетпегенин аныктады

Бюджеттик каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөгөн орган былтыр 141 аудитордук текшерүү жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Эсеп палатасы 2019-жылы мамлекеттик органдар 2,5 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуу катталганын аныктады. Бул тууралуу аталган палатанын төрагасы Улукбек Марипов ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетине өткөн жылдагы иши тууралуу отчёт берип жатып билдирди.

Бюджет тартыштыгы беш айда бир жылга пландалган көлөмдөн ашып кетти
Анын маалыматы боюнча, былтыр 141 аудитордук текшерүү жүргүзгөн. Аудиттин жыйынтыгы боюнча өз максатында пайдаланылбаган каражаттардын көлөмү 2,5 миллиард сомду түзүп, анын ичинен 80 миллион сому кайра кайтарылган.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле аудитти өткөрүүнүн механизмдерин жакшыртуу тууралуу суроолорду беришти.

Натыйжада тармактык комитет Эсеп палатасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчётун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.