Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпинди куттуктады

Кытай лидери Си Цзиньпин быйыл 67 жашка чыкты. Ал 2013-жылдан бери Кытай Эл Республикасынын төрагасы.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктап, кыргыз-кытай мамилелери кыйшаюусуз өнүгөрүнө терең ишенерин айткан. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сиздин кесипкөй, турмуштук бай тажрыйбаңыз достук мамиледеги Кытайдын туруктуу өнүгүшүн бекемдөөгө максат кылган ийгиликтүү мамлекеттик ишмердигиңиздин бекем негизи болуп саналат", — деди Жээнбеков.

Ал Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кытай элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
Андан сырткары, кыргыз-кытай мамилелеринин келечеги туурасында кеп кылган.

"Ак ниет коңшулукка, достукка, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-кытай мамилелери кыйшаюусуз өнүгөрүнө жана эки элдин келечеги үчүн бекемделерине терең ынанам", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кытай лидери Си Цзиньпин быйыл 67 жашка чыкты. Ал 2013-жылдан бери Кытай Эл Республикасынын төрагасы.