Ысык-Көлдө туристтик милиция эс алуучуларды кабыл алууга даяр

Туристтик милицияга чет өлкөлүк жарандар эле эмес, өлкөнүн башка аймактарынан эс алууга баргандар да кайрыла алат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө туристтик милиция эс алуучуларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу облустук ИИБ башкармалыгынан кабарлашты.

Ысык-Көл облустук ИИБдин начальниги Улан Асанбаевдин айтымында, туристтик милиция коронавирус пандемиясынан улам быйыл өзгөчө тартип менен иштейт.

ИИМ: өзгөчө абалда иштеген милиционерлерге кошумча акы жакында төлөнөт
ОИИБдин маалымат кызматы кабарлагандай, туристтик милицияга чет өлкөлүк жарандар эле эмес, өлкөнүн башка аймактарынан эс алууга баргандар да кайрыла алат.

Туристтик милиция Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз, Тоң райондорундагы тоо туризми өнүккөн жерлерде кызмат кылат. Ал эми Каракол, Чолпон-Ата шаарларында туристтер жана эс алуучулар көп болгон 13 маршрут боюнча иш алып барышат.

Милиция кызматкерлери чет тилдерди үйрөнүп жатканы кошумчаланды.